Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Тажикстанда сатуучулар бирдей форма кийишет


Тажикстандагы соода.
Тажикстандагы соода.

Тажикстанда соода түйүндөрдөгү, супермаркеттердеги жана базарлардагы сатуучулар мындан ары бирдей форма кийишет. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына "Тажикстандарттан" билдиришти. Атайын кийимге Тажикстандын символикасы түшүрүлөт.

Эрежеге баш ийбегендерге 1000 сомони (115$) өлчөмүндөгү айыппул салынат. Маалым болгондой, учурда соода түйүндөрү текшерилип, эскертүү берилип жатат.

"Тажикстандарт" билдиргендей, мындай чечим сатуучулардын сырткы келбетин оңдоп, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатыш үчүн кабыл алынды.

Бир нече жыл мурда Тажикстандагы мектеп окуучулары жана мугалимдер бирдиктүү формага өтүшкөн. 2011-жылдан бери ажылыкка баргандар да бирдей тигилип, өлкө символикасы түшүрүлгөн кийим кийишет.

XS
SM
MD
LG