Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Исаков: Матраимовду бошотуу менен эч нерсе аяктаган жок, баары алдыда


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан бошотууну бул тармакты тартипке салуунун башталышы катары сыпаттады. Өкмөт башчы «ал кишини кызматты бошотуу менен эч нерсе аяктаган жок, баары алдыда» деп билдирди. Исаков бажы тармагын иретке келтирүүнү аягына чейин жеткирүүгө убада берди.

Коомчулукта "Раим миллион" деген лакап ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов өткөн апталарда кызматтан алынган.

Премьер-министрдин буйругунда ал "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын" 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынганы жазылган.

Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда” деп жазылып турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG