Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 көмүр казуу шахтасында Жээнбек Курбанов шахтага белине трос байлап түшүп бараткан учурда трос үзүлүп кетип, 15 метр терендикке түшүп кетип каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди.
Каза болгон жаран 24 жашта болчу. Аны бир тууган агасы алып чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген.
Азыркы учурда Жээнбек Курбановдун денеси Кызыл-Кыя шаарынын өлүк сактоочу жайында. ӨКМге кайрылуу түшкөн эмес.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын өндүрүш учурунда элүүдөн ашуун адам кырсыктап, каза табат. (ErN)