Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:07

Оморов: Милиция бөлүмүндөгү арыздануу тастыкталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан милиция бөлүмүнүн кызматкерлери министрдин орун басары жана Бишкек милициясынын башчысы Мирлан Муктаровдун үстүнөн министр Улан Исраиловго арызданышты" деген маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Сверлов районундагы “Дордой” базарынын коопсуздугуна жооп берген 11-ГОМдун кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаров жана Бишкек милициясынын башчысы Мирлан Муктаров аларды “каттоого турууга” мажбурлап, болбосо кызматтан бошотуларын айтып опузалаганын ырастап, министрге арызданганын жазган.

Адыл Оморов 11-бөлүк жоюлуп, анын ордуна “Дордой” базарынын тегерегиндеги жаңы конуштарды камтыган 7-бөлүк кеңейтилгенин билдирди.

- Кызматкерлердин баарын чакырып келдик. Мен өзүм чакырып, сүйлөштүм. Алар эч ким кайрылбаганын, эч ким коркутуп, акча сурабаганын айтышты.

Октябрь айында ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери коомчулукка, президентке, премьер-министрге жана парламентке ачык кайрылуу жолдоп, министрликтеги кадрдык дайындоолор кызмат орундарын сатуу аркылуу жүрүп жатканын айтышкан.

Анда ички иштер министри Улан Исраилов орун басары Данияр Абдыкаров жана ички териштирүү кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев менен биригип, чалкеш кадр саясатын жүргүзүп жатканы көрсөтүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG