Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:08

Чоң-Алайда зилзаладан жабыркаган 103 үй-бүлө убактылуу үйгө киргизилди


Мобилдик үйлөрдү жеткирүү учуру.

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркап, үйлөрүн толук куруп бүтө элек 103 үй-бүлө темир контейнерден жасалган мобилдик үйлөр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик алты баллга жеткен эки жер титирөөдөн Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үй зыян тарткан. Алардын ээлери үйлөрүн кышка чейин куруп бүтө албай, айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалап жатканы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө жүргүзүп, 116 үй-бүлө убактылуу турак жайга муктаж экенин аныктаган. Натыйжада декабрь айынын башынан бери бул айыл өкмөткө 1-2-3 бөлмөлүү 96 мобилдик турак жай жеткизилип, аларга 103 үй-бүлө киргизилген. Калгандары туугандарынын жана колу-коңшуларынын үйлөрүнө баш калкалайт.

Министрлик май айынан бери жабыр тарткандарга 4281 тонна цемент, 374 миң кыш жеткирип берген. Мындан тышкары, жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү максатында ачылган эсепке 26 млн. 230 миң 176 сом 38 тыйын түшүп, анын ичинен 24 миллиону жергиликтүү бийлик тарабынан элге таратылып берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG