Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Бишкек мэриясы насыяга Орусиядан 350 автобус алат


Бишкекке Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.
Бишкекке Кытайдан сатып алынган автобустар. 2017-жыл, май.

Бишкек мэриясы Орусияда чыгарылган, газ менен жүрүүчү 350 автобусту насыяга алууну пландап жатат. Бул үчүн "Газпромбанк" 3,5 миллиард сом насыя берүүгө макул.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, "Газпромбанк" каражатты жылдык 12% үстөк менен "Газпром Кыргызстан" ишканасы аркылуу берет.

Мэриянын эсебинде, насыя облигация түрүндө 2025-жылга чейин төлөнөт. Пайызы менен кошкондо бересе 5 миллиард сом болот.

Бул маселе боюнча шаардык кеңеш 22-декабрда сессияга чогулат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаары автобус-троллейбустар менен 20% камсыз болгон. Күнүгө 120дан ашуун автобус каттамга чыгат. Андан тышкары, 2600дөн ашуун маршруттук кичиавтобустар жүрөт.

Башкалаанын эли 1 миллиондун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG