Пакистан соту талиптерге жакын саналган диниятчы Суфи Мухаммадды күрөөгө бошотту. Пешавар шаарынын жогорку сотунда Мухаммад саламаттыгы күн сайын начарлап жатканын айтып, аны коё берүүнү суранган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Жашы 90го келип калган диниятчы тыюу салынган "Техрик Нифаз-и Шарият" деген топтун лидери, анын кайын атасы болсо Пакистандагы талиптерди жетектейт. 2009-жылдан бери катуу кайтарылган түрмөдө кармалып келген Мухаммад адам өлтүрүү, чыккынчылык жана терроризм үчүн соттолууда.
Бир жумадай мурун АКШ Исламабад өкмөтү Ооганстандагы талиптерге жана "Хаккани" тобуна каршы чечкиндүү чара көрмөйүнчө Пакистан армиясына акчалай жардамын токтотконун жарыялаган. Пакистан бийлиги Вашингтондун «бир тараптуу билдирүүлөрү» терроризмге каршы аракеттерге салым кошпойт деп жооп берген.