Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Израил Сириянын бири нече объектисине абадан сокку урду


Израилдик учак кулаган жер. 10-февраль, 2018-жыл
Израилдик учак кулаган жер. 10-февраль, 2018-жыл

Израил Сириянын абадан коргонуу системасына бир нече жолу абадан сокку урду. Мындай кырдаал ишемби күнү Израилдин учагын Сирия күчтөрү атып түшүргөндөн кийин жаралды.

Израилдик генерал Томер Баранын айтымында, 1982-жылы Ливан менен согуштан кийин мындай катуу сокку урулган эмес. Буга чейин Сириянын аймагындагы Ирандыкы деп айтылган аскерий объекттерге да чабуул жасалган.

Бул 10-февралда таңга маал Израилдин аймагына Сириядан учурулган Ирандын учкучсуз учагы кирип келгенине жооп болду.

Анда Иранга таандык дрон атып түшүрүлүп, андан соң Израил дрон учурулган Сириянын аймагындагы борборго сокку урган.

Дал ушул учурда Сириянын ракетага каршы коргонуу күчтөрү Израилдин учагын атып түшүргөн. Кулаган учак Израилдин аймагына түшкөн. Учкуч аман калып, бирок жараат алганы кабарланды.

Бул Израил күчтөрүнүн 2006-жылдан бери алгачкы атып түшүрүлгөн учагы болуп калды. 12 жыл мурда “Хезболла” тобунун мүчөлөрү Ливандын асманында израилдик тик учакты атып түшүрүп, беш адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG