Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

4-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай эле койгон оң же айдоочулар автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, ташкындашы ыктымал. 

4-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот.  Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Чүй өрөөнүндө 14 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо -10...-15, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.  Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 20…22° көтөрүлөт.

 

XS
SM
MD
LG