Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:24

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети президент Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдоду.

Бул тууралуу комитеттин мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди:

- Президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун бүгүн комитет дээрлик бир добуштан макул болду. Бир гана Динара Кодураңова каршы болду.

Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, Жолдубаеваны кызматтан алуу тууралуу комитеттин чечими 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна чыгарылып, каралат.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө президенттин сунушу парламентке 10-апрелде келип түшкөн. Өткөн жума күнү парламенттеги "Ата Мекен" жана "Республика — Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп табышкан. Фракциялардын жыйынына Жолдубаева катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга ал ооруп жатканын билдирген.

2017-жылы 6-мартта Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, ага чейинки чечимдер өзгөртүлгөн эмес. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG