Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Казаковго козголгон кылмыш иши боюнча дагы бир адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковго козголгон кылмыш ишинин алкагында “Капитал” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору С. Дибров шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Болсунбек Казаков өзү 10-апрелде, анын мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев 13-апрелде кармалган. Аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 307-беренеси (“Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон. Казаков менен Мураталиев боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, аларды бир айга камакка алган.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган. (ErN)

XS
SM
MD
LG