Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Тажикстанда салафизмди жайылткан имам кесилди


Тажикстандагы мечиттердин бири
Тажикстандагы мечиттердин бири

Тажикстандын Кожент райондук соту салафизм идеяларын жайылтты деп айыптап, жергиликтүү имам-хатибди алты жылга эркинен ажыратты.

"Азаттыктын" тажик кызматы камалган жаран 35 жаштагы Абдулло Сайдуллоев экенин жазды. Ал 2004-2007-жылдары Сауд Арабиясындагы медреселердин биринде окуган. Келгенден кийин Коженттеги "Сари санг" мечитине имам-хатибдикке дайындалган.

Сайдуллоев 2017-жылдын октябрында кармалган. Үйүн тинткенде тыюу салынган диний уюмдун 200 китеби табылган.

Мечитке келгендер имам намазды башкача окуп жатканын байкашкан. Сотто күбөлөрдүн бири "имам салафиттер сыяктанып сыйынчу жана башкаларды да өзүн тууроого чакырган" деп көрсөтмө берген.

Расмий маалыматка караганда, Согди облусунда ишмердигине тыюу салынган "Мусулман агайындар" жана "Салафия" агымына мүчө деп шектелип 20дан ашуун дин кызматкерлери кармалган.

XS
SM
MD
LG