Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 19:39

Британияда мигранттын уулу ички иштер министри болуп дайындалды


Сажид Жавид. 22-февраль, 2016-жыл.

Британияда мигранттарга байланыштуу жаңжалдан улам ички иштер министри кызматтан кетип, 30-апрелде Сажид Жавид бул орунга дайындалды.

Кийинки жумаларда Ички иштер министрлиги мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарыш үчүн атайын план иштеп чыкканы чуу жараткан. Ал эми Британияга 1940-1970-жылдары Кариб аралдарынан атайын алынып келгендердин айрымдары жана алардын туугандары да "мыйзамсыз мигранттар" деген тизмеге кошулуп калышы чатакты ырбаткан. Өткөн шаршембиде министр Эмбер Радд мигранттарды депортациялаган атайын план бар экенин четке каккан. Бирок бир жыл мурда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин 10% депортациялоо жөнүндө өкмөт башчыга жазган каты жекшембиде ачыкка чыгып кетти.

Мындан улам Радд жекшембиде кызматын тапшырды. Анын ордуна Жамааттар иши жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министрлигин башкарган, атасы Пакистандан келген Сажид Жавид дайындалды.

49 жаштагы Жавид Эксетер университетинде саясий илимдерди жана экономиканы окуган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG