Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Бишкекте табылган шектүү зат танкка каршы жараксыз мина болуп чыкты


"Ак-Кула" ат майданындагы оюндар. Архивдик сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
"Ак-Кула" ат майданындагы оюндар. Архивдик сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бишкек шаарындагы "Ак-Кула" ат майданында табылган шектүү зат танкка каршы коюлуучу мина экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

- Бүгүн кечки саат 20.00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "102" нөөмөт бөлүмүнө "Ак-Кула" ат майданында шектүү зат табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге дароо адистер барып, шектүү буюм танкка каршы коюлуучу мина экенин аныкташты. Мина жараксыз абалда, дат баскан жана жардыруучу элементтери жок болгон. Учурда адистер аны алып чыгып, жок кылуу үчүн полигонго алып кетишти.

Буга чейин башкалаада "бомба коюлду" деген маалыматтар түшүп, алардын баары жалган болуп чыкты. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жыл башынан бери “бомба коюлду” деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG