Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Нарында калың кардан бир короо кой кырылды


Ысык-Көлдүн Сары-Камыш жайлоосунда калың кардан 112 кой кырылды. 24-май, 2018-жыл.
Ысык-Көлдүн Сары-Камыш жайлоосунда калың кардан 112 кой кырылды. 24-май, 2018-жыл.

23-майда калың жааган кардан Ат-Башынын Аксай жайлоосундагы Үч-Эмчек тилкесинде 200 кой кырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Аймактагы башка чабандардын абалынан кабар алыш үчүн ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү кар калың түшкөн жерге жөнөп кетишти.

23-24-май күндөрү жааган кардын айынан Ысык-Көл, Нарын облусундагы жайлоолордо мал чыгаша болду. Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш жайлоосунда 112 кой, 1 уй өлгөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG