Оштун Кара-Кулжа районунда катуу шамалда талдын бутагы басып калган 5 жаштагы кыздын абалы жакшы. Учурда кыз райондук ооруканада жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
23-майда райондогу Карагуз айыл аймагында катуу шамал согуп, ылдамдыгы секундасына 27 метрге чейин жеткен. Бороон 15 үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учуруп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Ошол күнкү шамал Таласта да 11 үйдүн чатырын учуруп кеткен. (SE)