Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Украинанын баш прокурору Орусиянын "өлүм тизмесине" 47 адам киргенин билдирди


Кремль.
Кремль.

Украинанын атайын кызматы Орусия көзүн тазалоону пландаган 47 адамдын тизмесин аныктады. Бул тууралуу Украинанын баш прокурору Юрий Луценко "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын айтымында, "өлүм тизмесине" киргендердин көбү орусиялык жана украиналык журналисттер. Кремлдин "кезектеги курмандыгы болору" болжолдонгон 47 кишиге бул жөнүндө кабар берилди.

Москва мындай билдирүүгө азырынча жооп бере элек.

29-майда Кремлди сындап келген журналист Аркадий Бабченко Киевде атып өлтүрүлгөнү маалымдалган. Эртеси ал тирүү экени белгилүү болгон.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицактын билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын коопсуздук кызматтары буюртма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылган украин жараны атайын операциянын натыйжасында кармалган.

Украинанын Коопсуздук кызматы журналистке кол салууну уюштурган украин жаранына 30 миң доллар төлөнгөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG