Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Кыргызстанда менингиттен өлгөндөр жок (Видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым массалык маалымат каражаттары Кыргызстанда менингиттен 2 бала чарчап калганын жазып чыгышты. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова басма сөз жыйынын өткөрүп, ушундай маалымат бергенин кабарлашкан.

Бирок Баялинова мындай кабарларды төгүндөп, "Азаттыкка" жыл башынан бери 12 адам менингит менен ооруп айыкканын айтты.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев "адам өлдү" деген маалыматты жокко чыгарып, "жакында эле 2 бейтап ооруп, бирок айыгып чыгышты. Социалдык тармактардагы жана айрым ЖМКдагы маалыматтар чындыкка жатпайт", деди. (BCh)

XS
SM
MD
LG