“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Казакстандын Башкы прокуратурасы мындай эскертүүнү бүгүнкү билдирүүсүндө жасады.
Анда Башкы прокуратура Мухтар Аблязов жана анын жактоочулары Казакстандын жарандарын 2018-жылдын 23-июнунда митингдерге чыгууга социалдык түйүндөр арукылуу үндөгөнү белгиленген.
Башкы прокуратура ошондой эле Казакстандын мыйзамдары боюнча коомдук жыйындарды өткөрүү үчүн “жергиликтүү бийликтин уруксаты талап кылынары, бүгүнкүгө карата акимиаттарга 23-июндагы митингдер тууралуу арыздар түшпөгөнүн” да эскертет.
Президент Нурсултан Назарбаевдин башкы сынчысы жана мурдагы банкир, расмий Астана кылмышкер деп санаган Мухтар Аблязов чет өлкөдө жашайт. Ал уюштурган “Казакстандын Демократиялык тандоосу” кыймылына быйыл мартта казак соту “экстремисттик” уюм катары тыюу салган.
Быйыл 10-майда Алматы, Астана, Актөбө, Семей, Уральск шаарларында нааразылык акциялары өтүп, анын катышуучулары “саясий айыпкерлерди бошотууну, кыйноолорду токтотууну” талап кылышкан. Ал нааразылык акциялар кууп таркатылып, айрым катышуучулары кармалган. Ошол эле 10-май күнү Аблязов нааразылык акцияларды ал уюштурганын айтып чыккан. (UE)