Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Израил Газа тилкесине сокку урду


Израилдин аскерий аба күчтөрү Газа тилкесинде бир нече жерге сокку урду. Бул буга чейинки Израилдин аймагына жасалган ракеталык чабуулдарга жооп болгону айтылды.

Акыркы чабуулдан палестиналык ХАМАС радикал тобунун бир нече объектиси: кампалары, туннеллер жана штаб-квартирасы бузулганын Израилдин аскерлери кабарлады. Соккунун натыйжасында эки палестин жоокери каза болуп, үч адам жаракат алган.

Байкоочулар бул ирет 2014-жылдан берки эң кубаттуу сокку болгонун белгилешти.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобуна олуттуу сокку урулганын билдирип, эгер Газа тараптан дагы ракеталык чабуулдар болсо Израил жооп кайтарарын эскертти.

Буга чейин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу акыркы чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, аны “Израилге эскертүү” деп атаган.

XS
SM
MD
LG