Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Шаардык кеңештин "сырдуу" байланыштары


Бишкек шаардык кеңеши.
Бишкек шаардык кеңеши.

Убагында Албек Ибраимовду мэрлик кызматка бир добуштан колдоп берген шаардык кеңеш кийин ага ишеним көрсөтпөгөндө да жапырт “макул” деп добуш бергени депутаттардын ишмердүүлүгүнө карата сын пикирлерди күчөттү.

Акыркы саясий окуялардан кийин шаардык кеңештин ишмердүүлүгү кызуу талкууланган темага айланды. Социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары шаардык кеңеш өз позициясы жок, саясий күчтөрдүн буйруктарын аткаруучу орган болуп калганын жазып жатышат. Алардын бири, жарандык активист Мавлян Аскарбеков шаардык кеңешти таркатуу демилгесин көтөрүп чыкты:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- “Авангард стиль”, “Имарат строй”, “Бишкек курулуш” деген сыяктуу чала курулушчу, чала бизнесмендердин, саясатчылардын балдарына, неберелерине чейин кирип алышкан. Мен жаңы бийликке сунуш кылып келатам. Тез аранын ичинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, 2019-жылы Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештериндеги депутаттарды таркатыш керек. Себеби, борбордун жана экинчи борбордун маселелерин ушундай адамдар чечип жатышат.

Депутаттардын ишине ичи чыкпаган дагы бир жарандык активист Калича Умуралиева "шаардык кеңеш өз кызыкчылыгын көздөгөн ишкерлер чогулган орган болуп калды" деп сындап жүрөт.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Бул кеңештин курамы бизге жакпайт. Курулуш компанияларынын ээлери көп. Шайлоо учурунда эле айтып чыкканбыз, бул кызыктай эле шоу болуп атат деп. Сексен пайызы эч нерсеге түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген депутаттар отурат. Алар бизнесмендер болгон үчүн бийликтен көз каранды кишилер.

Чынында Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунда бирин-экин аты белгисиз жөнөкөй кызматкерлер гана болбосо, көпчүлүгү курулуш компанияларынын жетекчилери, ишкерлер жана саясатчылардын туугандары.

Алардын арасынан элге белгилүү болгон айрымдарына токтолуп кетсек. Бишкек шаардык кеңешинде "эң жаш депутат" аталган 24 жаштагы Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Темирлан Токобеков жөнүндө Интернетте дээрлик маалымат жок. Бирок эл өкүлү катары окуучуларга жол эрежелерин сактоо тууралуу кеңеш берген иш-чарага бардык терезелери мыйзамсыз караңгылатылган автоунаа минип барганы менен белгилүү болгон.

Ал эми өлкөдөгү белгилүү олигарх Аскар Салымбековдун агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков шаардык кеңештеги бай депутаттардын катарын толуктайт. Жумабек Салымбеков 2015-жылы мурунку чакырылыштагы кеңеште депутат болуп туруп Опера жана балет театрында уюштурулган жеке адамдын тоюна барганы үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылган.

Бишкектин ушул чакырылышындагы кеңешинде ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү көп экени белгилүү. Маселен, аты-жөнү мурда-кийин кеңири коомчулукка анча белгисиз адамдардан куралган “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү ири курулуш компанияларына тиешеси бар адамдар экени айтылат. Ошондой эле экинчи ирет шайланып келген Гүлнара Молдобаева “Бишкеккурулуш” фирмасындагы жетекчилердин бири. “Елизавета” жана “Имарат Строй” аттуу эки ири курулуш компаниясынын жетекчилери Нуржан Тынымсейитова менен Даниярбек Иманалиев да шаардык кеңеште эл өкүлдөрү.

Ал эми белгилүү саясатчылардын жакындарынан мамлекеттик ишмер, маркум Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын аппаратын башкарган Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков бар. 24.kg маалымат агенттиги Алымбек Бактыбековдун “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучу компанияга тиешеси бар экенин жазып чыккан. Бирок кийин атасы Бактыбек Сыдыков бул маалыматты төгүндөгөн.

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Кыргызстанда айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары жылына миллиондогон сом киреше табары, ири ишкер экени белгилүү.

Парламентте коомдун талкуусуна түшкөн билдирүүлөрү менен белгилүү депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иниси Таалайбек Сариев менен анын кызы Наргиза Жолдошбаева да шаардык кеңеште депутат. Ошондой эле мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин агасы, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев экинчи жолу шайланды. Учурда камакта отурган экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы Наталья Кулматова да депутат экени белгилүү.

2018-жылы апрель айында Kloop.kg сайтындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байланыштары жөнүндөгү макалада коомдук ишмер Эдил Байсаловдун маалыматтарына таянып, шаардык кеңештеги Жаныбек Абировдун жакындарынын компаниясы үч жылдан бери Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдө тендерден утуп алганы жазылган. Сөз болуп жаткан депутат бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Анткен менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев коомчулукта айтылган сын пикирлер менен макул эмес жана эл өкүлдөрү өз милдетин колдон келишинче аткарып жатышат деп эсептейт. Ошондой эле ал мандатынан пайдаланып өз кызыкчылыгын көздөгөн кесиптештери жок экенин кошумчалады.

Алмаз Кененбаев.
Алмаз Кененбаев.

- Шаардык кеңештин депутаттары иштеп атышат. Баары тең элдин өкүлү болуп шайланып келишкен. Шаардыктардын ишенимин алып добуш алып келишкен. Ар бир депутат шаарга салым кошоюн деп келди. Мен эч нерсе деп айта албайм.

2016-жылы 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия жети пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика - Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG