Кочкордо "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер да катышты.
Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.