Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенеген “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси бар экенин кыргыз тилинен сынак тапшырып чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал бул компанияны атасы негиздегенин айтты.
- Курулуш компаниясын менин атам негиздеген. Ал 1965-жылы Москвадагы инженер-курулуш институтунун бүтүргөн. Нарында жана Токмокто темир-бетон заводунун директору болгон. 50 жылдан ашуун убактан бери курулуш менен алектенип келатат.
Суракматов 2015-жылга чейин ал курулуш компаниясында иштебегенин, 2015-жылдан кийин гана кеңешчи жана инвестиция боюнча директор болгонун кошумчалады.
- Компаниянын өзүнүн жетекчиси бар, 100дөн ашуун киши эмгектенет. Азыр "кызыкчылыктардын кагылышы болушу ыктымал" деп жатышат. Биз кандай болсо туура болорун ойлонуп жатабыз. Бирок биз бул жамаатта кесипкөй деңгээлде иш алып барган 100дөн ашуун киши иштеп жатканын эске алышыбыз керек. Аларга "баргыла эми, кеткиле" деп айтыш керек болот. Мындан сырткары “Елизавета” компаниясы 270 батирлүү үй салып жатат. 70 батирдейи сатылды, компаниянын насыялары бар. Алар сатылган батирдин эсебинен төлөнөт. Балким компания бул үйду куруп бүтуп, жаңысын баштабайт.
Мэрликке талапкер бул маселе шайлоодон кийин чечилерин билдирди.
Азиз Суракматовдун аты "Елизавета", "Столица строй "жана "Ливерпуль" өңдүү Кыргызстандагы ири курулуш компанияларына байланыштуу айтылат. Бул компаниялар Бишкектин чок ортосуна, эң кымбат жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коммерциялык жайларды куруп келгени менен белгилүү. "Елизаветанын" директору Нуржан Тынымсеитова - учурда Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынын депутаты.
Суракматов азырынча жалгыз талапкер болууда. Документтерди кабыл алуу бүгүн, 31-июлда 18:00дө аяктайт. Мэрди шайлоо 8-августка белгиленген. (КЕ/ЕВМ)