Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Эгизбаевдин көрүстөндөгү коррупция тууралуу иликтөөсү боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттыктын” журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсүндө айтылган фактыларга байланыштуу “Бишкектин аза кызматтар агенттиги” (“Бишкекское агентство ритуальных услуг”) муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратура кабарлады.

Ишти Бишкек шаардык прокуратурасы козгоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) Бишкек шаардык башкармалыгына өткөрүп берди. Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин “Көрүстөндөгү коррупция” берүүсүндөгү фактыларды Бишкек шаардык прокуратурасы текшерип жатканы айтылган. Анын алдында “Азаттык” радиосу маркум журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө жүргүзгөн журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган болчу.

Иликтөө: Көрүстөндөгү коррупция
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:21 0:00

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасы быйыл 30-майда чыккан. Анда Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жаратып, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге жана программада интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге бош конверттер келген эле. Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

Курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев болсо 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон" деген бүтүмгө келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG