Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) Орусиянын Челябинск облусунда “Тынчтык миссиясы-2018” антитеррордук командалык-штабдык машыгууларын баштады. Ага уюмдун курамындагы мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Машыгууга Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Кытайдын жана Индиянын жөө аскердик бөлүктөрү, жалпысынан 3 миңге жакын аскер, 500 даана техника каражаты тартылган.
Өзбекстан бул машыгууга байкоочу катары катышып жатат. (RK)