Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Йеменде 5 миллиондон ашуун бала ачарчылыкка кабылышы мүмкүн


Йемендик балдар Айт майрамы учурунда. 18-август, 2018-жыл.
Йемендик балдар Айт майрамы учурунда. 18-август, 2018-жыл.

Бул тууралуу "Save the Children" эл аралык бейөкмөт уюму билдирди.

Уюмдун башчысы Хелле Торнинг-Шмидттин 19-сентябрда айтканына караганда, жарандык согуш жүрүп жаткан Йеменде 5,2 миллион баланы ачарчылыкка кабылуу тобокелдиги күтүп турат.

Мындай коркунуч азык-түлүк баасы кымбаттагандан жана стратегиялык Ходейда порту үчүн уруштар кайра жандангандан кийин пайда болду.

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Кызыл деңиз жээгиндеги Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алууну максат кылган ири аскердик операциясын быйыл 13-июнда баштаган.

Йемендеги азыркы аскердик чатак 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат. Андан бери уруштарда 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар.

Курмандыктардын көбү Сауд Арабиясы баштаган суннит багытындагы араб өлкөлөрүнүн абадан урган соккуларынан мерт болгону айтылып келет.

Алар Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG