Коррупцияга айыпталган Алматы облусунун мурдагы акими Виктор Храпунов 17 жылга сыртынан кесилип, үй мүлкү мамлекетке чегерилди. Сот анын жубайы Лейла Храпунованы сыртынан 14 жылга кесип, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүүгө өкүм чыгарды.
Казак бийлиги Храпуновдорду бир катар кылмыштарга айыптап, анын ичинде “кылмыштуу топ түзүп башкарган, коз боёмочулукка барган жана пара алган” деп тапкан.
Алардын тууганы Айяр Илясовго да ушул сыяктуу эле айып тагылды. Ал беш жылга эркинен ажыратылды.
Сот бул иш боюнча айыпталып жаткан башка дагы тогуз кишини кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотту.
Прокурорлор Виктор Храпуновду 20 жылга, аялын 17 жылга, Илясовду сегиз жылга эркинен ажыратууну суранган.
Виктор Храпунов Алматы облусун 1997-жылдан 2004-жылга чейин жетектеген. Андан кийин Чыгыш Казакстан облусунун акими болуп дайындалган. 2007-жылы «Алматынын атайын корголгон жерлерин мыйзамсыз берген» деген негизде кызматтан алынган. Ошол элде жылы Храпунов үй-бүлөсү менен Швейцарияга көчүп кеткен.
Алар казак бийлиги таккан айыпты "саясий мүнөздө" деп, четке кагып жүрүшөт. Храпуновдун уулу Иляс бозгундагы банкир, президент Назарбаевдин элдешкис душманы Мухтар Аблязовдун кызы Мадина Аблязовага үйлөнгөн.