Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө мөөнөтү узартылды


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин жана ишкананы модернизациялоого кеткен 386 миллион доллар кытай насыясын пайдалануу боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу 13-ноябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн узартылышы жана иштин создугуп жатышы экспертизанын жүргүзүлүп жатканы менен байланыштуу. Экспертиза бүткөндөн кийин материалдар сотко жиберилет.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.

Кылмыш иштеринин бири Биринчи май райондук сотунда 12-октябрдан бери карала баштаган.

Бул иш боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери айыпталууда.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG