Бишкек шаарында ар кандай компаниялардын кеңселерин тоногон деген шек менен беш киши кармалды.
Шаардык милициянын маалыматында, Бишкектеги жеке менчик ишканалардын биринин жетекчиси арыз менен кайрылган. Арызда 13-ноябрь түнү ал ишкананын кеңсесине белгисиз кишилер кирип, 500 миң сомдон ашык акчасын, мөөрүн, керектүү документтерди карактап кеткени жазылган.
Окуя боюнча иш козголуп, кылмышкерлерге издөө жарыяланган. Ал эми 18-ноябрь түнү насыя берүүчү компанияны карактоо учурунда беш киши колго түшүп, милициянын маалыматында алардын жогорудагы кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.
Учурда шектүүлөр эки айга камалып, тергөө башталды. (TSh)