Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Трамптын мурдагы кеңешчиси 14 күнгө түрмөгө кесилди


Трамптын мурунку кеңешчиси Жорж Пападопулос Конгресстеги атайын угуунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25-октябрь, 2018-жыл.
Трамптын мурунку кеңешчиси Жорж Пападопулос Конгресстеги атайын угуунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25-октябрь, 2018-жыл.

2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабында тышкы саясат боюнча кеңешчи болгон Жорж Пападопулос 14 күндүк жазасын өтөөгө түрмөгө 26-ноябрда жөнөтүлдү. Сот анын буга чейин берген апелляциялык арызын четке какты.

Пападопулос – Трамптын штабы менен орусиялыктардын байланышы бар-жогун иликтеген иштин алкагында жазага кириптер болгон биринчи кызматкер. Анын президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү орусиялыктар жана алардын ортомчулары менен байланыштары Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтөөгө түрткү берген.

Пападопулос Орусия менен байланышы тууралуу ФБРге калп айтканын моюнга алган соң быйыл сентябрда соттолгон.

Президент Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG