Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Президент бир тууганы сөз болуудан коркуп сессияга келбей калганын айтты


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков сөз болуудан коркуп парламенттин сессиясына келбей калганын айтты.

19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында "Апрель" телеканалынын журналисти "Асылбек Жээнбеков кадрдык маселеге кийлигишип жатканы" тууралуу берген суроосуна мамлекет башчы төмөнкүчө жооп берди:

- Асылбек Шариповичтин кеңселери болсо, мага факт бергиле. Кеңсеси жок, үйдөн чыкпай отурат, сөз болот деп коркконунан сессияга да келбей калды, ачык айтайын.

Президент бир тууганы мамлекеттик башкарууга кийлигишип жатканына байланыштуу фактылар болсо журналисттер тартып чыгарышын сурап, далилденсе чара көрөрүн кошумчалады.

Мурда Жогорку Кеңештин спикери болуп турган Асылбек Жээнбеков бир тууганы Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден соң кызматын тапшырып, катардагы депутаттыкка өткөн.

XS
SM
MD
LG