Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Президент 170тей кишиге мамлекеттик сыйлык ыйгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн 170ке жакын адамга мамлекеттик сыйлык ыйгарды.

Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка бүгүн, 31-декабрда кол койгонун президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

II даражадагы “Манас” ордени менен мамлекеттик ишмер Исмаил Исаков, Инженердик академиянын вице-президенти Карыпбек Алымкулов жана Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев сыйланган.

III даражадагы “Манас” ордени Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаевге тапшырылган.

Андан сырткары “Даңк” медалы жети, «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы төрт, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы эки кишиге берилген.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына сегиз киши татыган. Арасында артист, куудул Абдылда Иманкулов да бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG