Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду


Манас Ниязов.
Манас Ниязов.

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аны сатуу ишин Кыргызстандын Көк бөрү cүйүүчүлөрүнүн "Инстаграмдагы" kok.boru аккаунту жүргүзүүдө.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат былтыркы жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат, түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Ак кула” ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG