Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Бай-кедей ортосунда ажырым күчөдү


"Oxfam" уюмунун активисттери сатира көрсөтүп жатышат. 5-декабрь, 2017-жыл. Брюссель.
"Oxfam" уюмунун активисттери сатира көрсөтүп жатышат. 5-декабрь, 2017-жыл. Брюссель.

Соңку он жылда дүйнөдөгү миллиардерлердин саны эки эсе көбөйүп, эки миңден ашты. Ошол эле маалда ашынган байлар менен кедей-кембагалдар ортосундагы ажырым буга чейин болуп көрбөгөндөй күчөгөнү "Оксфам" уюмунун жаңы баяндамасында белгиленет.

Дүйнөдө ашынган байлар менен кедей-кембагалар ортосундагы ажырым “көзөмөлдөн чыкты". Бул тууралуу "Оксфам" (Oxfam) уюмунун 22-январда Давосто баштала турган дүйнөлүк ишкерлик жана саясий элитанын форумун утурлай жарыялаган баяндамасында айтылат.

Дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси бир канча жылдан бери аталган форумдун алдында бул маселеге коомчулуктун, анын ичинде саясий лидерлердин көңүлүн бурдурууга аракет кылып келет.

Бул жолку баяндамада өткөн бир жылда миллиардерлердин саны 12 пайызга өскөнү жана алардын жалпы байлыгы күнүнө орто эсеп менен 2,5 миллиардга көбөйүп турганы белгиленет. Ошол эле учурда дүйнөнүн эң жакыр катмарынын кирешеси тескерисинче 11% азайган.

- Дүйнөдөгү эң бай, чоң кубатка ээ адамдар, саясий лидерлер бей-бечаралар менен байлардын ортосундагы ажырымды азайтууга аракет кылышы керек, анткени бул чектен чыгып баратат. Давоско чогулган адамдар, ири компаниялардын лидерлери жана саясий лидерлер чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт. Анткени ажырымдын кеңейиши экономикага кедергисин тийгизип, демократияга шек келтирип, бей-бечаралардын санын көбөйтөт, - деди "Оксфам" уюмунун аткаруучу директору Уинни Бианийма.

"O[fam" уюмунун аткаруучу директору Уинни Бианийма.
"O[fam" уюмунун аткаруучу директору Уинни Бианийма.

Ажырымдан аялдар көбүрөөк жабыркап жатышат

"Оксфам" өз баяндамасында он жыл мурдагы каржы кризисинен кийин миллиардерлер эки эсе көбөйгөнүн, бирок чириген байлар жана ири корпорациялар салыкты он жыл мурдагыдан аз төлөп калганын жазды.

Баяндамада байлар менен бей-бечаралар ортосундагы ажырымдан аялдар көбүрөөк запкы тартып жатканы белгиленет. Маселен, мамлекеттик мекемелерде кыскартуу иши жүргөндө сокку биринчи кезекте аял кызматкерлерге тийип, үй-бүлө жакыр болсо кыздары мектепке барбай калары, үйдө кароого муктаж кары-картаң же оорулуу адам болсо аны багууну аялдар өз мойнуна жүктөшөрү жазылган.

“Корпорациялар менен ашынган байлар акчасына манчыркап жаткан маалда, миллиондогон кыздар жетиштүү билим ала албай, аялдар сокур тыйыны жок болгону үчүн өмүр менен кош айтышып жатат” дейт Бианийма.

Иликтөөдө байлыкка болгон салыкты азайтуу эркектерге гана пайда алып келери белгиленген. Анткени аялдарга салыштырмалуу эркектер ээлик кылган байлык 50 пайызга көбүрөөк. Ошондой эле ири корпорациялардын 86% эркектер көзөмөлдөйт.

"Oxfam" уюмунун эн белгиси.
"Oxfam" уюмунун эн белгиси.

"Оксфам": салык төлөмдөрүн адилеттүү кылыш керек

"Оксфамдын” эсебинде салыктардын көбөйтүлүшү дүйнөдөгү көп маселени чечүүгө өбөлгө түзөт.

Уюмдун аткаруучу директору Уинни Бианийма белгилегендей, эгер дүйнөнүн эң бай бир пайыз калкы байлыгынан 0,5% кошумча салык төлөсө эле бул каражат 262 миллион баланын билим алуусуна жетмек:

- Биз баяндамабызда бир нече миллиардер былтыр күн сайын 2,5 миллиард таап жаткан кезде 100 миллиондогон адамдар дарылана албай, 262 миллион бала окубай калганын белгиледик. Биз бул айырмачылыкты көрсөтүү менен мындай нерсеге жол берүү мүмкүн эмес экенин айткыбыз келет. Бардык чечим өкмөттөрдүн колунда. Алар байлыкка салыкты көбөйтүп, салыктан качкандарды жазалап, бул каражатты мамлекеттик ишканаларга салып, башкаларга да дүйнө экономикасынын бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк бериши керек.

Өкмөттүк эмес уюмдардын жана "Форбс" журналынын маалыматына ылайык, ушу тапта дүйнөнүн эң бай 26 адамынын колундагы мүлк дүйнө калкынын жарымынын же 3,8 миллиард кишинин байлыгына тете. Бир жыл мурда эле 43 миллиардердин байлыгы дүйнө калкынын жарымынын байлыгына туура келчү.

Мисалы, “Амазон” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 2018-жылы 112 миллиард доллар тапткан. Бул сумманын бир пайызы калкынын саны 105 миллионго жеткен Эфиопиянын саламаттык сактоо тармагынын бюжетине барабар экенин баяндаманын авторлору белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG