Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Кожогелди Култегиндин түркчө китебинин бет ачары болду


Кожогелди Култегин.
Кожогелди Култегин.

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин "Köklerden Kanatlara Kadar" аттуу китебинин бет ачары Анкара шаарынын Хамамөнү аттуу тарыхый районунда өттү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун жана Евразия жазуучулар бирикмесинин сайтында жарыяланды.

Салтанатты Евразия Жазуучулар бирикмесинин төрагасы, илимдин доктору Якуп Өмероглу ачты. Иш-чарага ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары, профессор Фырат Пурташ, «Түрк коломтолору» (Türk Ocakları) уюмунун Бурса шаарындагы бөлүмүнүн төрагасы Селчук Кырлы катышты.

Якуп Өмероглу Кожогелди Култегин Түркия тууралуу эң көп ырларды жазганын белгилеп, "акын эски советтик көз караштан арылып, улуттук нуктагы көз карашты эртелеп багындырган" деп баа берди.

Мындан сырткары маданий иш-чарага Түркиядагы Кыргызстандын элчисинин милдетин аткарып жаткан дипломат Айбек Акаев, ошол жакта жашап калган кыргызстандыктар, Анкара шаарында иштеген, жашаган интеллигенция өкүлдөрү, түрк дүйнөсүнүн түрлүү улуттарынын калемгерлери катышты.

Кожогелди Култегиндин айтымында, жакында Кыргызстанда жарык көрө турган жаңы китебинин 95 пайызы Анкарада жазылган, анда Түркия темасында 37 ыр бар.

Эл акыны Кожогелди Култегин Кыргызстандын “Түрксой” уюмундагы өкүлү. Ал Алыкул Осмонов жана Жолон Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон. “Бал ууртам” “Дарбаза жолго ачылат” “Жолчырак” китептеринин автору.

XS
SM
MD
LG