Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Албек Ибраимовдун адвокаты сотко ишенбестик көрсөттү


Албек Ибраимов сотто.
Албек Ибраимов сотто.

30-январь күнү Октябрь райондук сотунда Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун ишин кароо улантылды. Сот баштала электе Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев судья Кымбат Архаровага ишенбестик көрсөтүп, өтүнүч келтирди. Адвокат муну Ибраимовдун иши Октябрь райондук сотуна келип түшөрү жөнүндө жактоочу тарапка маалымат берилбегенине байланыштырып, иштин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилиши аймактык мыйзамды бузат деп жүйө келтирди. КСДПнын штабынан "Азаттыкка" түшкөн маалымат боюнча, Албек Ибраимовдун жактоочулары судья Кымбат Архарова бул иште калыстык кыла албайт деп эсептешет.

Учурда сот өтүнүч боюнча кеңешүүгө кетти.

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү 15-январда Октябрь райондук сотунда башталган. Ал күнкү отурумда экс-мэр журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айткан.

Албек Ибраимовго ""Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат. Бул иш боюнча соттук териштирүү баштала элек. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мектеп курулушундагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG