Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери мурдагы жылга караганда азайганын билдирди.

- 2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 80ден ашык адам жоопко тартылды. 2017-жылы болсо 90 кылмыш иши козголгон жана жоопко тартылгандар да көп болгон, - деди Жунушалиев.

“Азаттык” өткөн жыл ичи жазган маалыматтарда милиция кызматкерлери кыйноого, пара алууга, айыппулду өздөрүнө ыйгарып алууга, шалаакылыкка, бейбаштыкка жана башка себептерге айыпталганы кабарланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, ИИМдин өздүк курамын таза эмес кызматкерлерден тазалоо керектигин айткан. (EBM\ErN)

XS
SM
MD
LG