Кеминде беш инвестор Бишкекке жаңы футбол стадионун курууга кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди:
- Кээ бирөө "толугу менен катышам" деп жатат, айрымдары "план кандай болот" деп бизден сурап жатышат. Өз планы менен келгендер да, жөн эле жардам бергиси келгендер да бар.
Мамлекеттик агенттик Бишкек шаарына Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырган. Ишкерлер 25-февраль, кечки саат 18:00гө чейин өз сунуштарын бериши керек.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган. Мамлекет башчы бул тууралуу 24-январда улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирген.
Мунун алдында спортчуларды колдоп келаткан ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков жаңы стадион салуу мезгил талабы болуп жатканын айткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, тез арада жер бөлүнүп берүүнүн зарылдыгы белгиленген. (КЕ)