Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Өзбекстанда ири өлчөмдө пара сунуш кылган мурдагы прокурор кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган облусунун мурдагы прокурору Улугбек Тошев жогорку кызматтагы аткаминерлердин бирине 50 миң доллар өлчөмүндө пара берип жатканда кармалды. Окуя 8-мартта болгонун, бул тууралуу күч түзүмдөрүндө иштеген булагы билдиргенин «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Шектүү кимге жана эмне үчүн пара сунуш кылганы азырынча белгисиз.

Тошев 4-мартта «мыйзамдуулукту камсыз кылууда ката кетирген» деген негизде кызматтан алынып, прокуратура түзүмүнөн биротоло четтетилген.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары Улугбек Тошев 2017-жылы бир канча убакыт бою өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишин иликтеген топту жетектегенин белгилешет.

Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда Тошевдин тобу Кадыровдун ишинин алкагында 21 аткаминерди, көбүнчө прокуратура кызматкерлерин камакка алган.

XS
SM
MD
LG