Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Бишкекте «Тазалыктын» автоунаа сүзүп кеткен кызматкери мерт болду


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери иш учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери иш учурунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Үсөн Жусубалиевди иш учурунда автоунаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева маалымдады.

Анын айтымында, окуя 14-март кечинде, 20:00дөрдө болгон. Кызматкер шаардын Профсоюз көчөсүндө жолду тазалап жүргөн кезде аны катуу келе жаткан жеңил машине уруп кеткен.

«Тазалык» ишканасы билдиргендей, Жусубалиев иштеп жаткан көчө жарыктандырылган. Кызматкерде автоунаанын жарыгына чагылуучу атайын кесиптик кийим болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастагандай, окуяга айыптуу айдоочу кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын тургуну Үсөн Жусубалиев Бишкекте, Тынчтык массивинде жашаган. Жубайы да «Тазалык» ишканасында эмгектенет.

Бишкек шаардык мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен айдоочуларды этияттыкка чакырат. (ErN)

XS
SM
MD
LG