Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:07

Абылгазиев Сауд Арабиясында этнофестивалдын жабылышына катышат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-мартта Эр-Рияд (Сауд Арабиясы) шаарында өтө турган «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышат.

Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» маданий иш-чарасы 9-мартта башталган. Анда Кыргызстандан барган топ «Көчмөндөр ааламы» деген аталышта улуттук өнөрдү тартуулашты.

98 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жаткан этнофестивалга Кыргызстандан 2000ден ашык адам кеткен. Делегациянын курамында спортчулар, уз-усталар, зергерлер, кол өнөрчүлөр бар.

Андан тышкары кыргызстандыктар топоздор, алгыр куштар жана тайгандар менен да өнөр көрсөтүштү. Ал эми ат үстүндөгү оюндар үчүн аттарды арабдар беришти. Чыгымды уюштуруучулар өзүлөрү көтөргөн. (BT0)

 

XS
SM
MD
LG