Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Брекзит келишими үчүнчү жолу четке кагылды


Британ парламенти, Лондон. 29-март, 2019-жыл.
Британ парламенти, Лондон. 29-март, 2019-жыл.

Британ парламенти премьер-министр Тереза Мэйдин Брекзит келишимин кайрадан четке кагышты. 29-марттагы добуш берүүдө бул келишимди 286 эл өкүлү колдосо, 344ү каршы болду. Депутаттар Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгары жазылган Брекзит келишимин буга чейин эки жолу колдобой коюшкан.

Мэй парламенттин соңку чечиминин «кесепети оор болоорун», 12-апрелге чейин аз эле убакыт калганын, ага чейин өкмөт Британиянын уюмдан эч келишимсиз чыгышына даярдык көрүүгө жетишпей турганын айтты. Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин өкмөт башчы Мэйди кызматтан кетүүгө чакырды.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жактаган. Жол картасына ылайык, Британия уюмдан 2019-жылдын 29-мартында чыгышы керек эле. Бирок бул мөөнөткө чейин Брекзит боюнча мунаса табылбаганы үчүн Евробиримдик британ өкмөтүнө 12-апрелге чейин убакыт берген.

XS
SM
MD
LG