Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Ооганстан: «Талибан» менен кагылышууда 12 аскер курман болду


Ооган коопсуздук күчтөрү. Желалабад провинциясы. 7-апрель, 2019-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү. Желалабад провинциясы. 7-апрель, 2019-жыл.

Ооганстандын Коргоо министрлиги 8-апрелде тараткан маалыматка ылайык, Бала Мургаб провинциясындагы талибдер менен болгон кагылышууда, соңку 48 сааттын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн 12 кызматкери мерт болду. Беш күндөн бери уланып жаткан салгылашууларда курман болгондордун жалпы саны кырктан ашты. Министрлик 10 аскер жана 24 полиция кызматкери жарадар болгонун, 100гө жакын жоочу жок кылынганын билдирди.

«Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочулары Бала Мургаб провинциясындагы бир нече көзөмөл-өткөрмө бекетине 3-апрелде кол салышкан.

Өткөн айда аймактагы бир аптага созулган куралдуу жаңжалда өкмөттүн 50дөй өкүлү курман болгон. Анда өкмөттүк армиянын 100дөй өкүлү коңшу Түркмөнстандын аймагына кире качууга аракет кылышкан. Бирок түркмөн чек арачылары алардын жолун тоскондо, көбү «Талибандын» колуна түшүп калган.

Бала Мургаб - Ооганстандын түндүгүндөгү Түркмөнстанга чектеш аймак.

XS
SM
MD
LG