Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Бабанов: Бишкекке учканга билет сатып алдым


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде келерин билдирди.

Бүгүн, 10-апрелде ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына: «Бишкекке учканга билет сатып алдым. Кудай буюрса ушул ишембиде, 13-апрелде, саат 14:50дө Кыргызстаныма учуп келем. Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам!» деп жазды.

Бабанов буга чейин ага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирген.

Саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Мурдагы өкмөт башчысы, парламенттеги «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG