Расмий Бээжин Вашингтондун Ирандан мунай импорттоону уланткан өлкөлөргө санкция салуу тууралуу планын сындап чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Гэн Шуан АКШнын мындай чечими Жакынкы Чыгыштагы жана эл аралык энергетика рыногундагы башаламандыкты күчөтөөрүн айтты.
«Кытай АКШнын санкцияларды бир тараптуу киргизүү аракетине катуу каршы турат. Эл аралык коомчулук ортосундагы, анын ичинде Кытай менен Ирандын ортосундагы кадыресе кызматташтык эл аралык мыйзамдардын алкагында сыйланышы жана корголушу керек», - деп билдирди Шуан 23-апрелде Бээжинде өткөн басма сөз жыйынында.
Бир күн мурда Кошмо Штаттар 1-майдан тартып беш мамлекетке, анын ичинде Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган. Вашингтондун чечимине ылайык, эгер бул мамлекеттер мындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга санкция салынышы мүмкүн.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын бийлиги өзөктүк курал чыгаруу планынан, баллистикалык ракеталарды сыноосунан баш тартып, аларды сүйлөшүүгө даяр болмоюнча мындай басым улана берерин айткан.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чечимин «мыйзамсыз» деп мүнөздөсө, Ислам революциясынын сакчылар кеңеши Вашингтондун бул кадамына жооп катары Тегеран Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскерткен.
Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга каршы киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Грекия, Жапония жана Тайван алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан убактылуу мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.