Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Түркияда төрт кыргызстандык сойкулукка шек саналып кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бул тууралуу жергиликтүү Demirören кабар агенттиги маалымат таратты. Анда 26-апрелде Түркиянын Сирия менен чектеш Шанлыурфа аймагында төрт кыргызстандык кыз-келин жана бир жергиликтүү жаран полиция тарабынан кармалган. Алар «сойкулук» беренеси боюнча шектелип, Шанлыурфа прокуратурасы кылмыш ишие козгогон.

Жергиликтүү медиалар кармалган кыз-келиндердин кесиби экономист, инженер экенин жана студент болгонун жазышып, бул кызуу талкууга түштү. Окуя боюнча учурда тергөө иши жүрүп жатканы жана кыргызстандык жарандар аймактын миграция департаментинде кармалып турганы маалым болду.

2018-жылы Түркияда 30 миңге жакын кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Кыргызстандык мигранттар негизинен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG