Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Кыргызстанда ВИЧти тест менен аныктоо ыкмасы киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга СПИД вирусун шилекей менен аныктоо ыкмасы киргизилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова билдирди:

- Өзүн өзү тестирлөө ыкмасын киргизип жатабыз. Биринчи Ош менен Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын базасында эркек менен жыныстык катнашка барган эркектерди текшеребиз. Ошонун жыйынтыгы менен дарыканалардан тесттерди саттыра баштайбыз. Боюна бүткөндүгүн же кант диабетин текшергендей эле ВИЧти да өздөрү текшерсе болот.

Чокморованын айтымында тесттерди сатыкка коердун алдында элге маалымат өнөктүгү жүргүзүлөт. Анда тест «оң» чыгып калса кандай чара көрүш керек, кимге кайрылыш керек деген маанидеги маалымат берилет.

2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашкан, анын көбү эркектер. Анын ичинде 645 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. (KR)

XS
SM
MD
LG