Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Кыргызстанда орозо 6-майда башталат


Бишкек шаарындагы борбордук мечит.
Бишкек шаарындагы борбордук мечит.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими менен ыйык Рамазан айы 6-майда башталат деп белгиленди. 5-майда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, андан соң саат 3:54тө ооз бекилет. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты маалымдады.

Исламдын беш шартынын бири — Рамазан айында орозо кармоо.

Орозо учурунда мусулмандар битир-садага берүүгө милдеттүү. Муфтияттын маалыматы боюнча быйыл берилүүчү садага-битир киши башына 1,6 кг буудай, ун, мейиз же 3,2 кг арпа, курма өлчөмүндө же булардын акчалай наркы берилет. Ал эми акчалай эсептегенде битир-садаганын быйылкы баасы киши башына 35 сомдон.

Муфтияттын билдирүүсүнө караганда битир-садага берүүчү адам жогоруда бул баалардын кайсынысын берсе өз ыктыяры. (ZKo)

XS
SM
MD
LG