Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Андреа Налес кызматтан кетерин жарыялады. Буга ал өзү төрагалык кылган партия Европарламенттин депутаттарын шайлоодо начар жыйынтык көрсөткөнү себеп болду. Социал-демократиялык партия Германиянын канцлери Ангела Меркел башкарган христиан-демократтар менен бирге коалициялык өкмөт түзгөн эле.
Өткөн жумадагы Европарламентке шайлоодо германиялык социал-демократтар үчүнчү орунду ээлешкен. Аларга караганда көбүрөөк добушту Меркел жетектеген христан-демократтар жана Жашылдар партиясы алган эле.
Акыркы сурамжылоолор боюнча социал-демократтардын рейтинги акыркы жылдары кескин төмөндөп жатат.