Кыргызстандын бир катар аймактарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы маалымат өнөктүгү жүрүп жатат.
USAID агенттигинин жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында айыл өкмөттөрдө атайын комитеттер түзүлгөн. Негизги ишти ошолор жүргүзөт.
Үй-бүлөдөгү зомбулуктун себептерин жана кесепеттерин, анын алдын алуунун жолдорун түшүндүрүп, айтып берүүнү максат кылган өнөктүк Оштун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Бишкектин четиндеги тогуз жаңы конушта жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда өтүүдө.
ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган жети миң адамга иш козголгон, 2018-жылы балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук факты катталган.
Маалымат өнөктүгү жылдын аягына чейин уланат. (RK)